<?xml version="1.0" encoding="UTF-8"?><song><key>B</key>
<lyrics>[V1]
.B        H            F     B
 Теңирим, өмүр бердиң бизге жаңы,
.Eb                       F    B
 Кор болуп кир дүйнөдө жүргөнүмдө.
.                   F     B
 Теңедиң катарына бизди дагы,
.Eb                        F       B
 Сен(и) менен бейпил өмүр сүргөндөргө,
.                              F              B
 Сен(и) менен бейпил өмүр, бейпил өмүр сүргөндөргө.

[V2]
 Караңгы туңгуюктан сууруп чыгып,
 Жаркытып жол көрсөттүң, көзүм ачтың.
 Боорукер, ырайымдуу, оо Кудайым,
 Кечирип бүт күнөөмдү Сен тазарттың,
 Кечирип бүт күнөөмдү, бүт күнөөмдү
 Сен тазарттың.

[V3]
 Аздектеп, Өзүңө арнап жашайлычы,
 Атаке, бизге берген жаңы өмүрдү.
 Жүрөккө бир башкача тынчтык алып,
 Жүрөлүчү Жаратканга алкыш айтып,
 Жүрөлүчү Жаратканга, Жаратканга
 алкыш айтып.

[V4]
 Бул өмүр - түбөлүктүү өлбөс өмүр,
 Жарыгы жашоодогу өчпөс өмүр.
 Бөлөнгөн Анын улуу мээримине,
 Бакубат, ырахаттуу чыныгы өмүр
 Бакубат, ырахаттуу, ырахаттуу чыныгы өмүр.

[V5]
 Жарашат Сени канча мактасак да,
 Жарашат Сени канча даңктасак да.
 Актоого күч жетпейт го мээримиңди,
 Арнасак жашообуздун баарын Сага,
 Арнасак жашообуздун, жашообуздун баарын Сага.</lyrics>
<title>Теңирим, өмүр бердиң бизге жаңы</title>
</song>